КР БШК Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
16 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү карап чыгып, бекитти.
Берилген арыздардын негизинде комиссиянын курамынан Эргешбаев Ш.Т. жана Разакова Д.К. (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден Ысакова К.Ы. жана Паязова З.А. (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
