КР БШКсы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
15 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-октябрда “Бишкек шаарынын, Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын, Ош облусунун Алай районунун жана Нарын облусунун Жумгал районунун айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү:
- Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылындагы № 5610 шайлоо участогунун дареги Т. Арзыкулов 77-1 көчөсүндө жайгашкан Б. Азизов атындагы орто мектебинен Каарман айылынын Т. Арзыкулов, 66 көчөсүндөгү “Перизат” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.
- Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы №23 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан №1317 шайлоо участкасы Жибек-Жолу проспекти, 281ден Жибек-Жолу проспекти, 220га Бишкек шаарындагы №45 почта бөлүмүнүн имаратына өзгөртүлдү;
- Бишкек шаарындагы №89 орто мектептин имаратында жайгашкан №1349 шайлоо участкасынын дареги Сатыбалдиев көчөсү, 1/1ден Ауэзов көчөсү, 1/2ге Бишкек шаарындагы “Азат” ААКнын имаратына өзгөртүлдү;
- Бишкек шаарындагы №89 орто мектептин имаратында жайгашкан №1350 шайлоо участкасынын дареги Сатыбалдиев көчөсү, 1/1ден “Учкун” конушундагы Шабдан-Баатыр-Аксы көчөсүндөгү Бишкек шаарындагы № 54 мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратына өзгөртүлдү;
- Манас шаарындагы №4 орто мектептин имаратында жайгашкан № 2091 шайлоо участкасынын дареги Эркиндик көчөсү, 51ден Бабкин көчөсү, 54кө Манас шаарындагы Балдар көркөм өнөр мектебинин имаратына өзгөртүлдү;
- Алай району, Талды-Суу айылы, 3-21 көчөсү дарегинде Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн имаратында жайгашкан №5119 шайлоо участкасынын дареги Талды-Суу айылындагы С. Умарходжаев атындагы №41 орто мектептин имаратына өзгөртүлдү;
- Жумгал району, Түгөл-Сай айыл өкмөтү, Т. Жээналиев көчөсү, 32 дарегинде Маданият үйүнүн имаратында жайгашкан №4108 шайлоо участкасынын дареги Т.Жээналиев көчөсү, 23кө Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлдү.
Бишкек, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссияларына тийиштүү жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен, Алай, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына Памир-Алай, Түгөл-Сай айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
