КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн 137 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
15 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 14-октябрындагы жыйынында 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШК жалпысынан 137 ЖМКны аккредитациялады.
Алардын ичинде:
басылмалар – 37;
телекөрсөтүү – 41;
радио – 19;
интернет-басылмалар – 40.
КР БШКнын расмий сайтында ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.
Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.
Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 10-ноябрда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 29-ноябрда саат 8:00дө токтотулат.
ЖМКлардын тизмеси












