Эртең, 12-октябрь КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун акыркы күнү!

11 октября 2025

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү!
2025-жылдын 12-октябры – 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп эсептелет.
Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү жана эркин каалоосун билдирүүсүнө, шайлоонун ачык-айкын болушуна өбөлгө түзүүгө багытталган. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
Телекөрсөтүү же басма аянт үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болушу керек жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай ичинде алынган нарктан ашпоосу керек.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө, 2025-жылдын 12-октябрына чейин (кошуп алганда), БШКга төмөнкү документтерди тапшыруулары керек:
- шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирүү, анда жетекчинин аты-жөнү, маалымат каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде маалымат каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсү;
- маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;
- уставдын көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
- эфир убактысын, басма аянтын берүү же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалымат секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл.
0312 66 54 52
0709 624 545 whatsapp