КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

10 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-октябрда Чүй облусунун Москва району, Ош облусунун Кара-Суу району, Баткен облусунун Лейлек району жана Нарын облусунун Жумгал району боюнча айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алды.
Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү:
- Чүй облусунун Москва районуна караштуу Спартак айылындагы №7296 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 34тө жайгашкан Спартак орто мектебинен Спартак айылынын Спартак көчөсү, 84тө жайгашкан Төлөк айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлдү;
- Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылындагы №7298 шайлоо участогунун дареги Школьная көчөсү, 11де жайгашкан Бердигул орто мектебинен Токтогул көчөсүндө жайгашкан Төлөк айылынын клубунун имаратына өзгөртүлдү;
- Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы №7278 шайлоо участогунун дареги Советская көчөсү, 118де жайгашкан «Любушка» дүкөнүнүн имаратынан Садовое айылындагы Советская көчөсү, 1де жайгашкан «Ресит» кафесинин имаратына өзгөртүлдү;
- Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылындагы №5192 шайлоо участогунун дареги А. Эркебаев көчөсү, 6да жайгашкан А. Оморов атындагы маданият үйүнүн имаратынан Калинин айылындагы Т. Кадыров көчөсү, 16да жайгашкан А. Сматов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү;
- Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Миң-Жыгач айылындагы №8032 шайлоо участогунун дареги Долон көчөсү, 29да жайгашкан “Миң-Жыгач” үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Миң-Жыгач айылынын Бердимурат раис көчөсү, 11де жайгашкан Жаш-Тилек орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;
- Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылындагы №8034 шайлоо участогунун дареги Келдибек аксакал көчөсү, 40та жайгашкан Ай-Көл үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Ай-Көл айылынын Т. Абдысаитов көчөсү, 3тө жайгашкан Н. Батыров атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү;
- Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы №4110 шайлоо участогунун дареги Бегалы уулу Акмат көчөсү, 81де жайгашкан Н. Бийсеев атындагы машыгуу залынын имаратынан Таш-Дөбө айылынын А. Тезекбаев көчөсү, 1де жайгашкан Таш-Дөбө орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочуларга шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.