КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07 октября 2025
Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Сокулук жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ибрагимов Болот Адылбековичтин («Эл Үмүтү - Народная Надежда» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Асылбеков Тилек Асылбековичке берилди;
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Карыбек уулу Улукбектин («Эл Үмүтү - Народная Надежда» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Асилбеков Азирет Ысманалиевичке берилди;
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Алтынбек Аблабековичтин (№1 шайлоо округу) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Бердикулов Асхат Жашарбековичке берилди;
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Сыдыков Эркин Калыбековичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Токтоболотов Эркинбек Рыскуловичке берилди.
