КР БШК Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

07 октября 2025

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алды.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын Дөмөр айылындагы М. Жунусалиев көчөсүндөгү Г. Бакиева атындагы № 24 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2413 шайлоо участогунун дареги Манас шаарындагы Т. Байзаков, 171 көчөсүндө жайгашкан автобекеттин имаратына өзгөртүлдү.

БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына Манас шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.