КР БШКсы Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

05 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 5-октябрда Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

- Комиссиянын курамынан С.Н. Садыркулова (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды.

- Комиссиянын курамына резервден М.С. Абдыразакова (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди.