БШК «Кырк ууз» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
03 октября 2025
Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кырк ууз» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого «Кырк ууз» саясий партиясынын катышуусу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, КР БШК төмөнкүлөрдү каттады:
- Кадыркулов Таалайбек Амангелдиевич, «Кырк ууз» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Джапарова Жанар Алиакбаровна, «Кырк ууз» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
