БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине карата 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитти
03 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитти.
Тиешелүү токтом бүгүн, 3-октябрда КР БШКнын жыйынында кабыл алынды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

