КР БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктады

03 октября 2025

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунушталган Пазылов Кубанычбек Турдубаевич, Айтиев Гайвали Кимсанович Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилди.