КР БШК делегациясы Казакстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин жыйынына катышты
01 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев БШКнын аппаратынын кызматкери менен Казакстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйынына катышты.
1-октябрда жыйындын алкагында «Шайлоо процессине катышуучулардын электоралдык маданиятын калыптандыруу» аттуу тегерек стол болуп өттү. Нурлан Койчукеев «Кыргыз Республикасында жарандык билим берүү – электоралдык маданиятты калыптандыруунун фактору катары» деген тема боюнча баяндама жасады.
Ал Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнү электоралдык маданиятты калыптандыруунун негизи катары карап, тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берген иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
«Шайлоого ишенимди бекемдөө жана электораттын активдүүлүгү маселеси коомдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет», – деп баса белгиледи БШК төрагасынын орун басары.
Төраганын орун басары белгилегендей, жарандык билим берүүнүн мааниси Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында да тастыкталган.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөөрүн бекитет. Конституция ошондой эле ар бир жаран мамлекетти башкарууга катышуу укугуна ээ экенин, ал эми мамлекеттин милдети бул укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүү экенин түздөн-түз көрсөтөт. Ушул контекстте жарандык билим берүү конституциялык нормаларды иш жүзүндө ишке ашыруунун негизине айланат», – деди Нурлан Койчукеев.
Ал белгилегендей, электоралдык маданият жарандардын шайлоо институтуна болгон мамилесин, процедураларга болгон ишеним даражасын жана добуш берүүгө катышууга даярдыгын чагылдырат. Ал коомдун саясий маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана демократиялык институттардын туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет. «Кыргызстан үчүн шайлоолор саясий системанын өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт, ошондуктан электоралдык маданиятты калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ. Эгемендүүлүк жылдарында өлкө дал шайлоо процессинен улам демократиялык өзгөрүүлөрдү да, коомдук кризистерди да башынан өткөрдү. Бул бийликтин легитимдүүлүгүн камсыз кылуу жана демократиялык өнүгүүнүн туруктуулугу үчүн жогорку деңгээлдеги электоралдык маданияттын зарылдыгын көрсөтөт», – деди БШК төрагасынын орун басары.
Анын айтымында, өзгөчө маанилүүсү – жарандык билим берүү аркылуу жаңыдан шайлоочу катары калыптанып жаткан жаштардын, ошондой эле аялдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, мигранттардын жана шайлоого катышуусу көп учурда жетишсиз болгон башка максаттуу топтордун активдүү жарандык позициясы калыптандырылат. Ошентип, жарандык билим берүү сабаттуу шайлоочуну даярдоодо гана эмес, шайлоого катышуунун баалуулугу ар бир адам тарабынан түшүнүлө турган чөйрөнү түзүүдө да мааниге ээ.
Н. Койчукеев өз баяндамасында Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнү киргизүү боюнча олуттуу кадамдар жасалганын белгиледи. БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору иштеп, калктын укуктук жана электоралдык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программалар ишке ашырылууда. Билим берүү министрлиги мектептик программаларга жарандык иденттүүлүктү жана жоопкерчиликтүү жаранды калыптандыруу боюнча сабактарды киргизүү аракетин көрүүдө. Бул иш Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына да шайкеш келет, анда укуктук агартуунун жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуунун мааниси түздөн-түз белгиленген.
«Мамлекетибиздин келечектеги өнүгүүсү үчүн жоопкерчилигин түшүнүү аркылуу биздин шайлоочулар шайлоонун жана шайлоо процессинин маанилүүлүгүн аңдап түшүнүшөт. Дал шайлоо аркылуу биз өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун тандайбыз. Бул багытта биз жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, диний жамааттар, этникалык топтор, бизнес коомчулугу жана мигранттар менен тыгыз иш алып барабыз», – деп белгиледи Нурлан Койчукеев.
Ал белгилегендей, демократиялык өнүгүү жолун басып өтүп жаткан жана көп сандаган чакырыктарга туш болгон Кыргызстан үчүн жарандык билим берүүнү өнүктүрүү билим берүү маселеси гана эмес, өлкөнүн келечеги менен түздөн-түз байланышкан стратегиялык милдетке айланууда.
БШК атынан Нурлан Койчукеев кыргыз тарап шайлоо маданиятын өнүктүрүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттерде демократиялык негиздерди чыңдоого багытталган демилгелерди ачык диалог жана кызматташтык аркылуу биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин алдындагы шайлоо чөйрөсүндөгү жаштар саясаты боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны онлайн форматта өттү. Кыргыз Республикасынан жумушчу топтун курамында – «Кыргызстандын жаштар кыймылы» Коомдук бирикмесинин төрагасы Жакшылык Бекназаров жана аталган уюмдун эл аралык кызматташтык боюнча төраганын орун басары Эмира Муктарканова.
Биринчи жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү таанышып, мындан аркы биргелешкен иш тууралуу пикирлерин бөлүшүштү.
