Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планы бекитилди

30 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планын кабыл алды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, бардык шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды.

Календардык планга ылайык:

 • Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү – шайлоо күнү дайындалгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен;

 • Округдук шайлоо комиссияларын түзүү – шайлоо округдары түзүлгөндөн кийин;

 • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы шайлоо тилкелерин түзүү – КР ТИМинин сунушу боюнча.

 Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:

 • УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин тааныштыруу үчүн илүү – 2025-жылдын 14-октябрына чейин;

 • Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2025-жылдын 10-ноябрына чейин;

 • Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) тактоо үчүн кабыл алуу – 2025-жылдын 8-октябрынан 14-ноябрына чейин;

 • УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү – 2025-жылдын 25-ноябрына чейин.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:

 • Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү – шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде;

 • Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – 2025-жылдын 30-октябрына чейин (кошо алганда);

 • Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу – 2025-жылдын 2-ноябрында саат 18:00гө чейин;

 • Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 2025-жылдын 10-ноябрына чейин.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери:

 • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү – 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрь саат 08:00гө чейин.

Добуш берүүнү өткөрүү тартиби:

 • Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу – 2025-жылдын 28-ноябрына чейин;

 • Добуш берүүнү өткөрүү – 2025-жылдын 30-ноябрында саат 08:00ден 20:00гө чейин;

 • КР ЖК депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2025-жылдын 14-декабрына чейин.