КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин 6-жыйынына онлайн форматта катышты
30 сентября 2025
Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин Алтынчы жыйынына онлайн форматта катышты.
Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы негизги шайлоо окуялары тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши VII чакырылыштын депутаттарынын өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алган. Анын негизинде, 30-сентябрда, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындоо тууралуу Жарлык чыгарды.
«Ушуга байланыштуу БШК шайлоого даярдык көрүүгө киришти. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөндүктөн, шайлоо жараянынын мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылат. Бул бизден өзгөчө уюшкандыкты, так координацияны жана жогорку кесипкөйлүктү талап кылат. Азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу шайлоо округунан ар биринен үчтөн депутаттан - мажоритардык система менен шайланат. Бул модель талапкерлер менен шайлоочулардын байланышын жакшыртып, келечектеги депутаттардын өз шайлоочуларына жоопкерчилигин арттырат», - деп айтты БШК төрагасы.
Ал ошондой эле алдыдагы шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонуларын өзгөчө белгиледи.
«Бул чечим шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ар кандай себептер менен өзүнүн туруктуу катталган жериндеги шайлоо участогуна келе албай калган жарандар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн негизги артыкчылык - добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылуу, процедуралардын ачыктыгы жана жыйынтыктын тууралыгы. Жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин биринчи кезекте ачыктыктын өзү калыптандырат. Ошондуктан БШК өлкөнүн бардык аймактарында ири масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүп жатат. Биздин максат - ар бир жаранга негизги принципти жеткирүү: «бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров.
Ал 2026-жылдын сентябрында Консультативдик кеңешке төрагалык Кыргызстанга өтөрүн эске салып, кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин тастыктап, жыйынга катышкан тараптарга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.
Белгилей кетсек, төраганын орун басары Нурлан Койчукеев Консультативдик кеңештин ишине Казакстанда катышууда.







