КР БШК төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү калк арасында аралыктан шайлоо жана “бир шайлоочу – бир добуш” принциптерин түшүндүрүүдө

23 сентября 2025

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын бардык аймактарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча калк арасында кеңири масштабдагы маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында төмөнкү аймактарда эл менен жолугушуулар өткөрүлдү:

Нурлан Койчукеев - Чүй облусунун Жайыл району, Кара-Балта шаары жана Панфилов районунда;

Кайрат Маматов - Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда;

Абдыжапар Бекматов - Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда;

Мейкинбек Абдалиев - Баткен шаары, Баткен району, Сүлүктү шаары, Лейлек району, Раззаков шаарында;

Бахадыр Конуров - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда;

Алтынбек Кубатбеков - Нарын облусунун Кочкор, Жумгал райондорунда, Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда,

Узарбек Жылкыбаев - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда жолугушууларды өткөрүштү.

Ошондой эле Чүй облусунун Кемин жана Токмок шаарларында, Чүй районунда жолугушуулар болуп өттү.

Аталган жолугушууларга облус жетекчилери, акимдер, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңеш төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, АШК, УШК, активдүү жашоочулар ж.б. катышууда. Жалпысынан жолугушууларга 50дөн 400 адамга чейин келип, маалыматтарды угушту жана өз кызыктырган суроолорун беришти.

Жыйындардын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр алкагында бардык маалыматтар түшүндүрүлүп, айтып берилди. Атап айтканда, аралыктан шайлоонун өзгөчөлүктөрүнө жана "бир шайлоочу – бир добуш – бир талапкер" деген эрежелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, талапкерлерге коюлган талаптар, квоталардын эсебинен шайлоого катышуу укугунун кеңейиши, майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү шарттар, шайлоо процесстерине киргизилген санариптик технологиялар маселелерин түшүндүрүү боюнча бир катар баяндамалар болду.

Аймактардагы калк менен жолугушуулар уланууда.