БШК Ош облусунун Ноокат районуна караштуу № 5462 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

19 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 19-сентябрындагы жыйынында № 5462 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ош облусунун Ноокат районундагы № 5462 шайлоо участогунун дареги А. Хажимаматов көчөсү, 30 үйүнүн дарегинен Х. Турсункулов көчөсү, 1-үйүндө жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык маданият үйүнө өзгөртүлдү.

Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.