КР БШКнын 2025-жылдын 19 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19 сентября 2025
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 19-сентябры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Сузак жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы № 5462 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо менен өткөрүүдө пайдаланылуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу кызматтарын көрсөтүүчү техникалык операторду аныктоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун долбоору.
(баяндамачы –Акимбаев А.Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо
технологиялары борбору жөнүндө” 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
(баяндамачы – Букамбаева А. Ж., жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору)
5. Ар кандай маселелер.
