Тажикстандын жаштар өкүлдөрү Кыргызстандын шайлоо системасы менен таанышты
10 сентября 2025
Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Тажикстан Республикасынын жаштар тармактарынын өкүлдөрү КР шайлоо системасы менен таанышуу максатында келишти.
КР БШК төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев өз сөзүндө бул сапар Кыргызстандын шайлоо системасы менен таанышууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, достукту чыңдоого, тажрыйба алмашууга маанилүү аянтча экенин белгиледи.
«Биздин өлкөнүн шайлоо системасы ачыктык, айкындык жана адилеттүүлүк принциптерине негизделет. Жаштар менен аялдардын саясий жашоого тартылышына өзгөчө көңүл бурабыз. Дал жаш муун өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн жаңы идеяларды, энергияны жана күчтү алып келээрине ишенебиз. Ошондуктан БШК жаштар менен аялдардын саясий турмушка активдүү катышуусуна багытталган программаларды туруктуу ишке ашырып келет», – деп баса белгиледи Н. Койчукеев.
КР БШК алдындагы Жарандык билим берүү жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Айсулуу Букамбаева Кыргызстандын шайлоо системасы, жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги шайлануучу органдарда аялдар менен жаштардын өкүлчүлүгү, ошондой эле алардын шайлоого катышуусун активдештирүү чаралары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өлкөдө аялдар менен жаштардын саясий жана коомдук жашоого тең укуктуу катышуусу, бардык деңгээлде чечим кабыл алууга жеткиликтүү шарт түзүү, ресурстарга бирдей мүмкүнчүлүк камсыздоо жана алардын потенциалын өлкөнү өнүктүрүүгө багыттоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
БШК жарандык билим берүү аркылуу аялдар менен жаштардын активдүүлүгүн арттырууга багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырат. Алардын катарында жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттар клубу, Жаш жаран мектеби, «Кыргыз жараны» жарандык өзүн-өзү өнүктүрүү демилгеси бар.
Жолугушууда тажикстандык жаштар өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо чаралары, шайлоодо колдонулган заманбап технологиялар жана аралыктан добуш берүү өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорду беришти.
Ошондой эле аларга жаңы шайлоо жабдуулары жана добуш берүү процесси көрсөтүлдү.
