КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЖК депутаттарын шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин колдойт

02 сентября 2025

2025-жылдын июнь айында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам кабыл алынып, анда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал мыйзамга ылайык, биздин болочок шайлоолор такыр башка система боюнча өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Азаттыка” берген маегинде билдирди.

Тынчтык Шайназаров белгилегендей, коомдо жана депутаттардын арасында парламент өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө талкуунун болуп жатканы өз убагында жана туура болууда.

“Депутаттардын Жогорку Кеңешке шайлоосу мыйзам жана план боюнча 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек эле. Бирок баарыбызга белгилүү болгондой, 2027-жылдын январь айына Конституциялык мыйзам менен Президенттин шайлоосу белгиленген. Мен дагы ачык эле айтып коеюн, эгерде 2026-жылы ноябрдын аягында, биз ЖК депутаттарынын шайлоосун өткөрсөк, шайлоо бүткөндөн кийин КР БШК 20 күндө жыйынтык чыгарыш керек. Биз декабрдын ортолоруна барып калат экенбиз. Андан кийин сөзсүз түрдө ошол шайлоонун жыйынтыгына макул болбой, каршы болгондор болот, кээ бир талапкерлер сотко берет. Биз соттун чечимин күтүп калышыбыз мүмкүн. Ошентип, 2026-жылдын аягына чейин ЖК депутаттарын шайлоо кампаниясы узарып калышы мүмкүн. Ушуну эске алуу менен мен жогоруда айтып кеткендей, 2027-жылдын январь айында Президентти шайлашыбыз керек болот. Булар удаа келип калат. ЖК депутаттарын шайлоосу жыйынтыгы бүтпөй туруп, президенттик кампаниянын үгүт иштери башталып калат”, - деп белгиледи КР БШК төрагасы.

Т. Шайназаров кошумчалагандай, айрым ЖК депутаттарынын “парламенттик шайлоо быйыл өтсө, туура болмок, кийин удаа келген шайлоолор үгүт иштерине кыйынчылык туудурат”, деген ой-пикирлерин туура деп эсептейт жана сыйлайт.

Толугураак видеомаектен көрүңүз.