КР БШК жана мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлө турган жарандардын диний ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү маселелерин талкуулашты
29 августа 2025
2025-жылдын 29-августунда КР БШКда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Жолугушуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине, атап айтканда, Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн жарандардын диний ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды берүү тартибин жана мекемелер аралык кызматташуунун механизмдерин талкуулоого арналды.
Жыйынга КР БШКнын төрагасы Т.У. Шайназаров, төраганын орун басары А.С. Жупуева, КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору А.М. Юсупов жана аталган агенттиктин директорунун орун басарлары М.М. Муратбеков жана К. Мидин уулу, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн жарандардын акыркы беш жылдагы диний ишмердүүлүгү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берүү, ошондой эле алардын диний ишмердүүлүгү токтоткондугун тастыктоо маселелери талкууланды.
Бул талап "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамында белгиленген.
КР БШК төрагасы Т.У. Шайназаров бул багытта мамлекеттик органдар менен кызматташуу боюнча иштер уланып жатканын жана КР БШК биргелешкен аракеттер менен натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга умтуларын баса белгиледи.
КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору А.М. Юсупов учурдагы маалымат базасы диний ишмерлердин учурдагы ишмердүүлүгүн гана камтый турганын, ошондуктан мурунку ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды чогултуу үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен биргеликте керектүү маалыматтарды аныктоо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады.
Жыйындын соңунда КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдында мамлекеттик органдардын катышуусунда мекемелер аралык Жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул Жумушчу топ келген суроо-талаптарды иштеп чыгуу менен алектенет, бирок расмий жооптор түз эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аталган агенттик тарабынан берилет.
