Эсептөө палатасынын КР БШКнын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичиндеги бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын төгүндөө
25 августа 2025
Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу маалыматтын таралышына байланыштуу, КР БШК объективдүү кабыл алууну камсыздоо максатында түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.
- КР БШК бюджеттик каражаттарды колдонууга катуу көзөмөл жүргүзөт.
Эсептөө палатасынын маалыматында чагылдырылган суммалар уурдоо же кыянаттык менен пайдалануу эмес, көпчүлүк бөлүгү каржылык отчеттуулук процессинде кетирилген техникалык жана эсепке алуудагы так эместиктер болуп саналат. - Көрсөтүлгөн сумманын көпчүлүгү бухгалтердик эсепке алуудагы оңдоолорго тиешелүү жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө аяктаган.
- Мамлекетке зыян келтирген мыйзам бузуулар болгон эмес.
Көрсөтүлгөн жагдайлардын баары түзөтүлүүчү мүнөзгө ээ жана мыйзамсыз чыгымдарга же каражаттарды өздөштүрүүгө байланыштуу эмес.
- КР БШК Эсептөө палатасы менен кызматташат жана аудиттин бир катар сунуштары толугу менен кабыл алынып, ички финансылык контролду андан ары өркүндөтүү боюнча иш алып барууда.
- Ошол эле учурда КР БШК Эсептөө палатанын отчетунда көрсөтүлгөн айрым жагдайлар боюнча принципиалдуу келишпестиктер бар экендигин, бул жыйынтыктар талаштуу деп эсептейт жана мыйзам чегинде өз позициясын коргоого ниеттенип жатканын белгилейт.
КР БШК ар дайым ачыктыкты, жоопкерчиликти жактайт жана көзөмөл органдары менен коомчулук менен конструктивдүү кызматташууга даяр.
Толук маалымат КР БШК тарабынан кийинчерээк берилет.
