КР БШК шайлоо процессинин ченемдик базасын жаңылап, жаңы жобону бекитти
20 августа 2025
2025-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында ички ченемдик укуктук актылардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен шайлоо процессинин укуктук базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү маселелери каралды.
Жыйында КР БШК “Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө” токтом долбоорун бекитти.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу Жобонун жаңы редакциясы төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор менен сунушталды:
- Жобонун колдонуу чөйрөсү бардык деңгээлдеги шайлоолорго жана референдумдарга кеңейтилди;
- Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун милдеттерине тактоолор киргизилди;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иштөө алгоритми жөнүндө кошумча пункт киргизилди.
