КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

01 августа 2025

2025-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.

Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:

Ош облусу:

Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты Убукеев Байышбек Турдуевич ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Акматов Кылычбек Жапаралиевичге өткөрүлдү;

Жалал-Абад облусу:

Атай айылдык кеңешинин (№ 4 Бирдик шайлоо округу) депутаты Муса уулу Жанай ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Айдаралиева Айчүрөк Райакуновнага өткөрүлдү;

Нарын облусу:

Ат-Башы районунун, Ак-Моюн айылдык (№ 2 Ак-Моюн шайлоо округу) айылдык кеңешинин депутаты Абдырасулов Тилек Рахатбекович ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Жумабек кызы Айзадага өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусу:

Ж. Абдрахманов айылдык (№ 3 Ананьево-3 шайлоо округу) кеңешинин депутаты Джанагулова Зарина Джолдошбековна ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Сартбек уулу Жантайга өткөрүлдү;