Кой-Ташта жана Ош шаарында жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун координаторлору үчүн жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу боюнча тренингдер өткөрүлдү
10 июля 2025
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖББШТБ) тарабынан «Кыргыз жараны» жарандык өздүктү өнүктүрүү концепциясын жана Кыргыз Республикасынын «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктик» («Уңгужол») доктринасын ишке ашыруу максатында, PeaceNexus фондунун колдоосу менен Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) координаторлору — системдик администраторлору үчүн окутуу тренингдери өткөрүлдү.
Иш-чаралардын максаты — калктын арасында жарандык өздүктү, жарандык баалуулуктарды жана жоопкерчиликти калыптандыруу боюнча координаторлордун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле ар кандай максаттуу топтор менен жеринде маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
КР БШКнын мүчөсү Гүлшаркан Култаева жарандык өздүктү калыптандыруу — демократиялык коомду өнүктүрүүнүн жана жарандардын өлкөнүн саясий-экономикалык, коомдук турмушуна активдүү катышуусунун негизги факторлорунун бири экенин белгиледи. Бул — жөн гана жаран экендигиңди билүү эмес, ал — өз укуктарыңды, милдеттериңди жана жоопкерчилигиңди терең түшүнүү.
Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору Айсулуу Букамбаева Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) координаторлорунун жарандардын жарандык позициясын, коом жана мамлекет үчүн жоопкерчиликти, мекенчилдикти калыптандыруудагы, ошондой эле шайлоо системасынын туруктуулугун жана бийлик институттарына ишенимди камсыз кылуудагы маанилүү ролун баса белгиледи.
Тренингдин программасына теориялык жана практикалык модулдар киргизилип, катышуучулар «Кыргыз жараны» концепциясынын негизги идеялары жана баалуулуктары менен таанышып, жаштар, аялдар, этностук жана диний топтор, мигранттар жана бизнес менен иштөө ыкмаларын талкуулашты. Катышуучулар интерактивдүү форматта маалыматтык жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү көндүмдөрүн практика жүзүндө колдонушуп, топтордо иштеп, реалдуу кырдаалдарды моделдеп, сценарийлерди жана презентацияларды даярдашты.








