КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

16 июня 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-июнунда өткөн жыйынында Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдери бекитилди.

Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, алардын мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

Жалал-Абад шаары:

  • Пулатов Саиб Сабировичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты — Узакбай уулу Бекке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарылды.

Чүй району, Онбир-Жылга айылдык кеңеши:

  • Таалайбеков Сталбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна — Качкынбеков Байызбек Качкынбекович келди.

Москва району, Ак-Суу айылдык кеңеши:

  • Сарбагишев Капар Бактыяровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты — Данияров Калмырза Данияровичке берилди.

Ак-Суу району, Хан-Теңири айылдык кеңеши:

  • Мирбек уулу Бекжигиттин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна — Мустапаев Эмилбек дайындалды.

Жети-Өгүз району, Жаргылчак айылдык кеңеши:

  • Жусупов Нурдин Мукашевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна — Абыкеева Бакыт Анарбековна келди.

​​​​​​​