Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!
06 июня 2025
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ардактуу мусулмандарды жана жалпы элибизди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилден куттуктайт!
Бул ыйык майрам — жүрөктөгү ыйманды чыңдаган, тазалык менен адеп-ахлакка чакырган, Жараткан Аллага болгон чексиз ыраазылыктын, мээримдүүлүктүн жана боорукерликтин улуу символу.
Курман айт күнү ар бир мусулман өзүнүн жүрөгүн тазартып, Жаратканга жакындап, курмандык аркылуу ыйык парзын аткаруу менен руханий жактан байыйт жана адамгерчилик сапаттарга сугарылат.
Бул күнү көп улуттуу мекенибизде достуктун, ынтымактын жана биримдиктин улуу сезимдери кайрадан жаңырып, улуттан-улутка өтүүчү сый-урмат менен боордоштук мамиле бекемделет. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ак тилек, чын дилден чыккан дуба орун алып, ынтымактуу, бакубат өлкө курууга болгон ишенимибиз артат.
Биз бул берекелүү күндү жакшы үмүт, аруу тилек менен тосуп, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранына тынчтык, бакыт-таалай жана үй-бүлөлүк береке болушун, мамлекетибизде дайыма тынчтык орноп, элибиздин биримдиги бекем болуп, өнүгүү жолундагы кадамдарыбыз ийгиликтүү болуусун каалайбыз.
Кыргыз элинин ырыскысы арбып, куту кетпесин.
Курман айт күнү кылган ар бир курмандыгыңыздар, кылымдап көтөргөн ак тилектүү дубаңыздар Жараткан Алланын алдында кабыл болсун.
Үйүңүздөрдө береке орноп, дасторконуңуз мол болсун. Ыймандуу урпак өсүп, журтубузда тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана кайрымдуулуктун шамы ар дайым жанып турсун.
Курман айт майрамыңыздар куттуу болсун!

