КР БШКда “Түндүк” системасы аркылуу соттуулук боюнча маалымат алмашуу маселелери талкууланды
30 мая 2025
2025-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жумушчу жыйын өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө шайлануучу кызматтарга талапкерлигин көрсөткөн жарандардын соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалыматтарды ыкчам алмашуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азыркы учурдагы мыйзамдар талапкерлердин соттуулугу жок болушун так белгилеген шартта, ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда так, толук жана өз убагында маалымат берүү өтө маанилүү экени белгиленди.
КР БШК талапкерлер боюнча маалыматтарды, анын ичинде соттуулугунун жоюлган же алынган убактысы жана фактысы тууралуу маалыматты өз убагында жана так алуу зарылдыгын белгиледи. Бул максатта жыйынга катышуучуларга “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын кеңири пайдалануу жана маалымат алмашуунун санариптик механизмдерин жакшыртуу сунушталды.
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын ортосунда ишенимдүү жана ачык-айкын маалыматтык өз ара аракеттенүү системасы мыйзамдуулукту камсыздоонун жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун негизги элементи болуп саналарын белгиледи.
БШК шайлоолорго байланыштуу бардык процедуралардын сапатын жана ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар менен кызматташууну улантат.
