КР БШКнын төрагасы Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын биринчи жыйынына катышты

14 мая 2025

КР БШК төрагасы Т.Шайназаров Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын биринчи жыйынына жана “Түрк дүйнөсү: шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн салттары, практикасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

14-май күнү Түркстан шаарында, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасы тууралуу Жобого кол коюу аземи болуп өттү. Кол коюу аземине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын шайлоо комиссияларынын жетекчилери катышты.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда ““Түрк дүйнөсү: шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн салттары, практикасы жана келечеги” темасынын алкагында БШК төрагасы Т.Шайназаров Кыргызстандагы шайлоо системасын демократиялаштырууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди. Бул реформалардын негизинде шайлоолордун ачык-айкындуулугу жана ишенимдүүлүгү камсыз болду. “Бир шайлоочу – бир добуш” принциби ишке ашырылды.

Шайлоо процесстерин өркүндөтүү багытында бардык жарандар үчүн коомдук-саясий турмушка тең укуктуу катышуусун камсыздоого багытталган чаралар ишке ашырылып жатат. Шайлоо мыйзамдарында милдеттүү квоталардын киргизилиши аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, талапкерлердин жана шайланган депутаттардын курамындагы өкүлчүлүгүн жогорулатууга шарт түздү.

Бул багыттар мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүндө чагылдырылууда.

Мындан тышкары, КР БШК төрагасы Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Н.Абдиров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, биргелешкен эл аралык долбоорлор жана демилгелер талкууланды.

Маалымат үчүн:

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасын түзүү демилгесин Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев көтөргөн.
2024-жылдын 6-ноябрында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитиндеги Бишкек Декларациясына ылайык, Консультативдик платформа шайлоо органдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз кеңешүүлөрдү жана кызматташууну камсыздоо үчүн түзүлгөн.

Платформанын курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын шайлоо комиссиялары кирет.