КР БШК кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктайт!

09 мая 2025

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери! Кадырлуу кыргызстандыктар!

Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү -  баарыбызды кубанычка бөлөгөн улуу майрам.

Согуштун каардуу жылдарында анын баардык кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, Улуу Жеңиш үчүн кан майданга аттанган жана оорукта күн-түн дебей эмгектенген ата-апаларыбыздын эрдиктери менен ар дайым сыймыктанып келебиз.

Сиздердин кайратмандыгыңыздар менен эмгегиңиздер бүгүнкү биздин бейпил жашообуздун пайдубалы болуп, 80 жылдан бери тынчтыкта жашап,  мамлекетибизди ар тараптуу чыңдап келе жатабыз.

Ал үчүн сиздерге терең таазим этебиз. 

Жеңиш үчүн күрөшкөн баатырлардын жаркын элеси, тылдагы эмгекчилердин талыкпаган аракети муундан-муунга даңкталып, журөгүбүздө түбөлүк сактала берет.

Ардактуу ардагерлер! Кадырлуу мекендештер!

Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз. Кыргызстанда дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин биримдиги чыңдалып, мамлекетибиз гүлдөп өсө берсин.

Улуу Жеңиш майрамыңыздар куттуу болсун!