Дагы бир жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды
30 апреля 2025
2025-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кара-Камыш айылдык аймагынын Кара-Жыгач айылында жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды.
Борбордун ачылышына Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү К.Ж.Шадыбеков, Аксы районунун акиминин орун басары А.П. Салиева, Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Султанмуратов жана аталган айыл аймагынын тургундары катышты.
Борбордун ачылышында Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү К.Ж.Шадыбеков 2022-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көмөгү менен ишке кирген “Аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору тууралуу айтып берди. Бул долбоор Борбордук шайлоо комиссиясынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана СӨМ аймактарда жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун биргелешкен демилгеси болуп саналат.
Буга чейин республика боюнча 76 жарандык жана санариптик билим берүү борбору иштеп келген болсо, бүгүнкү күндө дагы бир борбордун ачылышы менен республика боюнча жарандык жана санариптик билим берүү борборлордун саны 77 болду. Алар китепканаларда, жаштар борборлорунда, маданият үйлөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан.
Борбордун иши жарандардын бардык категорияларына, анын ичинде карылар, жаштар, аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын программаларга багытталган. Борбор жарандык жана санариптик тармактарда кеңири темалардын үстүндө иштейт.
Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ачылышы Кара-Камыш айылдык аймагы үчүн маанилүү окуя болду. Бул тургундарга жаңы көндүмдөрдү жана билимдерди алууга гана мүмкүндүк бербестен, ар кандай тармактардагы өкүлдөрдүн ортосундагы тажрыйба алмашуу жана өз ара кызматташууга дагы бир катар мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Жарандык жана санариптик билим берүү борбору төмөнкү даректе жайгашкан: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара-Камыш айыл өкмөтү, Кара-Жыгач айылынын китепканасы (Ф3).




