КР БШКда жумушчу топтун жыйыны болуп өттү
25 апреля 2025
2025-жылдын 25-апрелинде Гүлшаркан Култаеванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Миссиясынан келген сунуштарды ишке ашыруу алкагында, 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана 2027-жылы президенттик шайлоону даярдоодо КР БШКга колдоо көрсөтүү боюнча жумушчу топ төмөнкү үч негизги багытты талкуулады:
• Жарандык билим берүү чараларын ишке ашыруу;
• Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу;
• Шайлоо мезгилинде тынчтыкты жана объективдүү маалыматтык чөйрөнү түзүү аракеттерин күчөтүү;
Жумушчу топтун мүчөлөрү ар бир багыт боюнча пикирлерин жана сунуштарын билдиришти, ошондой эле сунушталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды макулдашышты.
