КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
24 марта 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 24-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинен Эрмекбаева Майрам Сасыкуловнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кубаныч кызы Нурзадага өткөрүлүлүп берилди.
Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинен Камчыбек уулу Нурсултандын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Сактанов Майрамбек Чиркешбаевичке өткөрүлүлүп берилди.
Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңешинен Бекиев Раимжан Убайдиллаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду.
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Кубанычбеков Тунгуч Азаматовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Байсеитова Гулмира Медетбековнага өткөрүлүлүп берилди.
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Ракимбаев Абай Кенешбекович катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешинен Мусаева Элмира Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Дуйшенбаев Изатбек Курманкуловичке өткөрүлүлүп берилди.
