КР БШК «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан С.Т.Берикбаевди КР ЖКнын депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

24 марта 2025

КР БШК 2025-жылдын 24-мартындагы отурумунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Берикбаев Санжарбек Турдукуловичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде,
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин,
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

КР БШК Берикбаев Санжарбек Турдукуловичти «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө токтом кылды.

КР БШК 2021-жылдын 22-октябрындагы
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» №710 чечиминде талапкер Берикбаев Санжарбек Турдукуловичтин каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылды.