Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу коноктор!
20 марта 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт!
Бүгүн кыргыз эли жыл жаңырган, күн менен түн тогошкон, жер жарылып көк чыккан маалда, ырыс - береке төккөн Нооруз майрамын өзгөчө сезим менен тосуп атат.
Нооруз майрамы – жаратылышка жан кирип, айланабыз көрккө бөлөнүп, жаңы жашоо демин берген куттуу майрам.
Ушул кубанычтуу майрам күнү - элибизде эсенчилик, жергебизде тынчтык, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин жана бир туугандыктын сезими согуп туруусун тилек кылабыз.
Баарыңыздардын үйүңүздөргө береке толуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, мамлекетибизде экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болушун каалайбыз.
Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!
КР БШКнын жалпы жамааты
