КР БШКда майыптыгы бар жарандардын жана шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү

18 марта 2025

2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйыны өттү. Жыйынга КР БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун төрайымы Акбалык Жумалиева, бир нече мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. Жыйында шайлоо мыйзамдары жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча негизги маселелер каралды.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору, ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынын айрым шайлоочулар категориясынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштары, ошондой эле жумушчу топтун иш планын карашты.

Негизги көңүл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо механизмине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарга, шайлоо системасынын инклюзивдүүлүгүнө, майыптыгы бар талапкерлердин квотасына болуучу өзгөртүүлөргө, ошондой эле майыптыгы бар жана түзөтүү мекемелеринде жаткан адамдардын шайлоо укуктарын кеңейтүүгө бурулду.

Кыргызстан - жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча активдүү иштердин натыйжасында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетти.

Эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ жана БУУ майыптыгы бар жарандардын шайлоого катышуу укуктарын камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чараларды жогору баалашты. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү кеңештерге талапкерлер үчүн майыптыгы бар жарандардын үчүн квоталарды киргизүү жана Жогорку Кеңештин шайлоосунда мындай талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү сыяктуу кадамдар бул багыттагы маанилүү кадамдар болуп саналат.

Жумушчу топ алдыдагы боло турган шайлоолорду эске алып, шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, атайын категориядагы шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу, добуш берүү механизмдерин жакшыртуу жана аларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну күчөтүүнү сунуштады.