КР БШК төрагасы Т.Шайназаров ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү

21 февраля 2025

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров  жалпы ЖМК өкүлдөрү менен "КР БШКнын алдыда алып бара турган реформалык кадамдары жана максаттары" деген темада пресс-конференция уюштурду. Пресс-конференция суроо-жооп форматында өтүп, журналисттер төрагага кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты.

БШКнын төрагасы журналисттерди шайлоо системасындагы учурдагы өзгөртүүлөр, ошондой эле жакын арада ишке ашырылуучу пландар жана чаралар тууралуу маалымат менен камсыз кылды.

Шайлоо мыйзамдарын реформалоо иштери шайлоо процессинин ачыктыгын, элдин ишеничин жана жарандардын катышуусун жогорулатууга багытталган. "Электрондук добуш берүү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо пилоттук режимде киргизилген. 18 өлкөдөн келген кыргызстандыктар электрондук түрдө добуш беришти. Шайлоого катышуу 82%ды түздү. Көпчүлүк адамдар мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүү талабын айтышууда. Бирок, айрым тобокелчиликтер бар, талкуулар жүрүүдө. Кайда болбосун, кыргызстандыктар добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз алар үчүн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз," - деди БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров.

"КР БШКнын жакынкы келечектеги негизги максаттарынын биришайлоо процессин заманбап талаптарга ылайык кайра кароо. Бул, өз кезегинде, жаңы технологиялар жана инновацияларды киргизүүнү, жарандык активдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле шайлоонун адилеттүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүнү камтыйт," – деп белгиледи төрага.

Пресс-конференциянын аягында БШКнын төрагасы журналисттерди келечектеги реформаларга активдүү катышууга чакырды.