КР БШК Гүлсүнкан Жунушалиевага Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды

18 февраля 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-февралындагы жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүмү жана 4-1-бөлүмүнө ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.