КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
18 февраля 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 18-февралындагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын күбөлүгү анык эмес деп табылды.
