Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын берди. Жаңы төрага болуп Тынчтык Шайназаров шайланды
10 февраля 2025
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Н.Шайлдабекова өз арызы боюнча төраганын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын берди, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү канааттандырды.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасы болуп шайланды.
Н.Шайлдабекова шайлоо комиссиясындагы кесиптештерине, ошондой эле мамлекеттик органдардагы, жарандык сектордогу, эл аралык уюмдардагы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдѳгү ѳнѳктѳштѳрүнѳ жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди. Ал биргелешкен күч-аракеттердин аркасында шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү кадамдарды ишке ашырууга мүмкүн болгон, бирок процесс андан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи. Н.Шайлдабекова кесиптештерине мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Тынчтык Шайназаров өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди. Ал БШКнын ишинин артыкчылыктары шайлоо системасын өркүндөтүү, анын ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөө экендигин белгиледи.
Эске сала кетсек, Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келген.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында демократияны жана мыйзамдуулукту чыңдоого күч-аракеттерди багыттоо менен шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ѳз ишин улантат.
Тынчтык Шайназаровдун ѳмүр баяны
1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган.
1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. 1991-1996 жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигин ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу:
10.02.2025- ж - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы.
2021-2025 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары.
2020-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.
2015-2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI- чакырылышынын депутаты.
2010-2015-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V- чакырылышынын депутаты.
2009-2010-ж.ж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору.
2007-2009-ж.ж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы.
2004-2007-ж.ж. – Ош шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөө боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.
1999-2004-ж.ж. – Ош облусунун прокуратурасынын ага-тергөөчүсү, прокурору.
1997-1999-ж.ж. – Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын ага-тергөөчүсү.
1996-1997 ж.ж. – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын мөөнөткер-тергөөчүсү.
Ардактуу наамы – Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген” юристи.
Класстык чини – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы.
«КМШ ПАА 25 жыл» медалы.
ТүркПА медалы.
“Юстициянын мыктысы” медалы.


