Кыргызстандын өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Президентин шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

26 января 2025

2025-жылдын 26-январында БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова - делегациянын башчысы, БШКнын мүчөлөрү А.Бекматов, М.Абдалиев жана БШК аппаратынын кызматкери КМШнын жана ШКУнун байкоочулар миссияларынын курамында Беларусь Республикасынын Президентин шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышып жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З. Ормонов, А.Т. Эрбаев, Э.Р.Сатыбалдиев; ЖККУ ПАдан - Б.У.Сыдыков, Б.В.Шабазов, А.Т.Кылычбаев КМШ ПААнын миссиясынын курамына киришкен.

Шайлоонун алдында байкоочулар Маалымат борборунун ачылыш аземине жана "2025-жылы Беларусь Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жөнүндө" Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенконун пресс-конференциясына катышты.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенко менен жолугушту. Жолугушууда шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу боюнча маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Беларусь Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулар сыяктуу эле талапкерлердин да жарандык шайлоо укуктарын толук кандуу жүзѳгѳ ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча даярдык иш-чараларынын комплекси системалуу түрдө ишке ашырылганын белгиледи.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн алкагында байкоочулар бир катар шайлоо участкаларында болушту. Делегациянын мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо өкүлдөрү жана жергиликтүү байкоочулар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Шайлоочулардын тизмесине 6,9 миллиондон ашык адам киргизилген. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө, 21-25-январдын аралыгында шайлоочулардын 41,81% катышты.

5325 участок түзүлгѳн, анын 207 участогу ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө жана башка убактылуу жашоочу жайларда уюштурулган.

Шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн 486 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.

Маалымат иретинде:

2024-жылдын 23-октябрында Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасы Беларусь Республикасынын Президентин шайлоону 2025-жылдын 26-январына дайындаган.

Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык, Республиканын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Эгерде добуш берүүгө катышкан жарандардын жарымынан көбү ал үчүн добуш беришсе, президент шайланды деп эсептелет.

Беларусь Республикасынын Президентинин кызмат ордуна беш талапкер ат салышууда:

1. Александр Лукашенко – азыркы мамлекет башчысы;

2. Олег Гайдукевич – Беларуссиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери;

3. Александр Хижняк — республикалык Эмгек жана адилеттүүлүк партиясынын лидери;

4. Сергей Сыранков — Белоруссия Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары;

5. Анна Канопацкая - мурдагы шайлоолордогу экс-талапкер, ишкер, партияда жок.