КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан 56 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алууну 2025-жылдын 20-январына чейин узартты
09 января 2025
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош, Баткен шаардык, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Лейлек, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Алай, Араван, Ноокат, Чоң-Алай, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Балыкчы, Каракол, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Кочкор, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов, Токмок, Кант, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында, жарандардан жана саясий партиялардан документтерди 2025-жылдын 10-январына чейин кабыл алууну жарыялаган.
Белгилей кетсек, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү боюнча кайрылуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында, ошондой эле бул маалымат "Эркин Тоо" мамлекеттик газетасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы №96 (3651) санында жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейинки өлкө боюнча жалпы эс алуу күндөрдү эске алуу менен аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну 2025-жылдын 20-январынын саат 18:00гө чейин узартылгандыгын маалымдайт.
Жобо менен КР БШКнын https://www.shailoo.gov.kg/kg/news/7724/ сайтынан таанышууга болот.
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
