БШК усулдук жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү кеңештердин шайланган 6384 депутатынын ар бирин ченемдик-укуктук актылардын жыйнагы менен камсыз кылат
13 декабря 2024
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн.
2024-жылдын 25-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди.
Бүгүнкү күндө аймактарда аймактык шайлоо комиссияларынын жардамы менен жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиялары өткөрүлдү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын өзгөчө ролун жана алардын ишмердүүлүгүн мыйзамдардын негизинде жүзѳгѳ ашыруунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен Борбордук шайлоо комиссиясы «Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси менен биргеликте жергиликтүү кеңештин ар бир депутатын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү негизги ченемдик укуктук актылар камтылган (республика боюнча бардыгы болуп 6384 депутат шайланган) ченемдик-укуктук актылардын жыйнагы менен камсыз кылат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тексти бүткүл республика боюнча кеңештерге берилет.
Бул материалдар жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарына өз ишин жана жергиликтүү кеңештин ишин башталган алгачкы күндѳн тартып эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так уюштурууга, айылдарды жана шаарларды ѳнүктүрүүнү камсыз кылуу жана аймактардагы жарандардын турмуш деңгээлин жогорулатуу максатында ѳздѳрүнѳ жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды натыйжалуу жана толук кѳлѳмдѳ аткарууга жардам берет.
Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун натыйжалуу иштешин уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн окууларды өткөрүү пландаштырылууда.
2024-жылдын 17-ноябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 264 жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланды, атап айтканда:
- 33 шаардык кеңешке – 993 депутат, анын 703 - эркектер, 290 - аялдар (29,20%);
- 231-айылдык кеңешке - 5391 депутат, анын ичинен 3143 - эркек (58,3%) жана 2248 - таял (41,7%).
Шаардык кеңештердин тизмеси менен шилтеме аркылуу таанышууга болот
Айылдык кеңештердин тизмеси менен шилтеме аркылуу таанышууга болот
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси менен https://shailoo.gov.kg/ru/news/7712/ шилтемеси аркылуу таанышса болот.
Жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын тизмеси менен https://shailoo.gov.kg/ru/news/7718/ шилтемесине өтүп, таанышса болот.





