КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан 56 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

10 декабря 2024

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош, Баткен шаардык, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Лейлек, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Алай, Араван, Ноокат, Чоң-Алай, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Балыкчы, Каракол, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Кочкор, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов, Токмок, Кант, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт, жогоруда көрсөтүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктады.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.

Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 10-январынын саат 18:00гө чейин тапшырышат.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2025-жылдын 10-январынын саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге КР БШКсына токтоосуз ѳткѳрүлүп берилет.

Эгерде саясый партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясый партиялардын өкүлдөрү, саясый партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясый партиялардын резервин түзөт.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталуучу документтердин тизмеги:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу.

Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамы жана резерви тууралуу маалыматтар, КР БШКнын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобо менен КР БШКнын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу

Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16

Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.