Кыргызстанда орун-жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат
16 ноября 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.
Өлкөнүн шайлоо комиссияларына орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча 9538 арыз түшкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Жаш курагы боюнча шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан - 3746 арыз, майыптыгы боюнча -1979 арыз, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз жана айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, башкача айтканда үзгүлтүксүз иштөө (вахта иштери) цикли бар ишканаларда, стационардык медициналык мекемелерде, камакта шектүү жана айыпкер катары кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан жана мѳѳнѳттүү аскер кызматындагылардан 668 арыз келип түшкѳн.
2437 участкалык шайлоо комиссиясынын ичинен 1129 комиссия добуш берүүнү орун-жайдан тышкары өткөрөт.


















