КР БШКнын Көзөмөлдѳѳ-текшерүү тобу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди
15 ноября 2024
КР БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2022-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берет.
Шайлоого 38 саясий партия катышып, 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин 187 партиялык тизмесин көрсөтүшүүдө.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык, шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо үчүн «Элдик Банк» ААКсында (мурдагы «РСК Банк») жана «Айыл Банк» ААКсында* саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептери ачылган.
*Бул эки банк 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесине киргизилген. (2024-жылдын 23-сентябрындагы № 134 токтому).
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун 191 атайын эсеби ачылган (алардын ичинен 3 атайын эсептин – акча каражаттары кыймылсыз турат, анткени 3 саясий партиянын талапкерлеринин 3 тизмеси каттоодон ѳткѳн эмес, жана ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин чакыртып алган саясий партиянын 1 атайын эсеби).
Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар жогоруда аталган банк мекемелеринен автоматтык түрдө БШКнын «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалымат системасына келип түшөт, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеке маалымат жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын сайтында «Талапкерлер жана партиялар» бетинде көрсөтүлөт жана шайлоочулар үчүн 24/7 мезгилинде жеткиликтүү болот.
“Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалымат боюнча, 2024-жылдын 14-ноябрына карата шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы болуп 88 092 743,00 сом келип түшкөн:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине келип түшкөндѳрдүн жалпы суммасы (анын ичинде кайтарып берүүлѳрдү жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунан 82 489 071,39 сом сарпталды:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Саясий партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 5 603 671,61 сомду түздү.
Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катары бардыгы болуп 4 100 000 сом түшкөн.
Маалымат иретинде. Мыйзамдык нормаларга ылайык айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин 50 000 сомдон ашпаган өздүк каражаттары;
- 100 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;
- ар бири 50 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;
- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпайт.
Мында алардын шайлоо фондунун чыгашаларынын эң жогорку суммасы 500 000 сомдон ашпашы керек.
Шайлоо күрөөсү БШКнын депозиттик эсебине салынбайт («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык жокко чыгарылган).
Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин өз каражаттарынан, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партиянын өз каражаттарынан, алар 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 300 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 15 000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 50 000 сомду түзѳт.
Шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын албаганда) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин өз каражаттарынан, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партиянын өз каражаттарынан, алар 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы 5 000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 20 000 сомду түзѳт.
Шайлоо фонддорун «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тыюу салууларга жатпаган жеке жана юридикалык жактар түзѳ алышат.
Шайлоо фонддору атайын максатка ээ жана алар шайлоо өнөктүгүнө байланышкан чыгымдарды жабууга гана жумшалышы керек.
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо боюнча кененирээк маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан тапса болот («Талапкерлер жана партиялар» маалымат ресурсу/«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» (же “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо”/ Шайлоо фонду)
https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor
БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу
