Чүй облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктардын жүрүшү
12 ноября 2024
12-ноябрда Чүй облустук штабынын жыйынында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери каралды. Штабдын жыйынына Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын тең төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, шаардык жана райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратуранын, укук коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, шаардык инфраструктура ишканаларынын жана окуу жайларынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты.
Жыйында алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы боюнча облустун бардык шаарларында жана райондорунда штабдар түзүлгѳн, алар шайлоо комиссиялары менен дайыма байланышта болуп, аларга алдыдагы шайлоого даярдануу боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүүгө тийиш. Аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
Алсак, жергиликтүү штабдарга шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан бардык уюштуруучулук жана материалдык-техникалык техникалык маселелерди чечүү, анын ичинде шайлоо комиссияларын имараттар, үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш, интернет, оргтехника, транспорт менен камсыздоо тапшырылды. Бардык шайлоо участкаларында өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралар текшерилип, жакындап келе жаткан кыш мезгилинин шартында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга добуш берүү үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш, алар учурда облус боюнча 11302 адамды түзѳт. Алардын керектөөлөрүнүн алдын ала картасы боюнча 542 шайлоо участогуна пандустар орнотулган, дагы 24 шайлоо тилкесинде пандустар орнотулушу керек. Алардын керектөөлөрүнүн алдын ала түзүлгѳн картасы боюнча 542 шайлоо участогуна пандустар орнотулган, дагы 24 шайлоо участкаларына пандустар орнотулушу керек. Бардык жерде чоң тамгалар жана/же Брайль шрифтинде шайлоо жөнүндө маалымат жазылган стенддер бар.
Облустук штаб укук коргоо органдарына шайлоо учурунда облустун бардык аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтарууга жана шайлоо бюллетендерин ташып жеткирүүгѳ өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле мыйзам бузууларга өз убагында жана натыйжалуу чара көрүү боюнча тапшырмалдарды берди. Маалым болгондой, курамына аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобуна (ЫЧКТ) учурда 5 арыз келип түшкөн. Ар бири боюнча ыкчам түрдө шайлоо мыйзамдарында белгиленген чектерде тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Облустук жалпыга маалымдоо каражаттарына телеканалдарда социалдык тармактардагы роликтерди жайылтууну, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик органдардын маалымат ресурстарында маалыматтык материалдарды жайгаштырууну камсыз кылуу тапшырылды. ЖӨБ органдары бирдей шарттарды сактоо менен үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп бериши керек.
Чүй облусу административдик-аймактык реформанын натыйжасында чоң өзгөрүүлөргө учурады. Ошентип Кара-Балта жана Кант шаарлары облустук макамга ээ болуп, ондон ашык айыл аймактары Аламүдүн жана Сокулук райондорунан Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди. Натыйжада шайлоочулардын саны 2021-жылдагы 645,4 миң адамдан 2024-жылы 600 миңге чейин азайган. Ошол эле учурда шаардык кеңештерде шайлоочулардын саны өсүп, айылдык кеңештерде шайлоочулардын саны бир аз кыскарган. Жергиликтүү кеңештердин өздөрүнүн саны да кыскарды: азыр алардын 56сы 1266 депутаттык мандатка ээ болсо, анын 433ү аялдарга берилет.
Шайлоонун алдында Чүй облусундагы бардык штабдарга шайлоочулардын акыркы тизмелерин тактоого шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын шайлоого максималдуу катышуусун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.




















