17-ноябрдагы шайлоолор: Талас шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды

11 ноября 2024

Талас шаарында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жумаев, Талас шаарынын мэри Б.Астанакулов, прокуратура, укук коргоо органдары, ЖМКнын, шаардык инфраструктуранын жана билим берүүнүн ишканаларынын ѳкүлдѳрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү катышты.

Э.Жумаев алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, Талас облусунда административдик-аймактык реформадан кийин жергиликтүү кеңештердин саны эки эсеге кыскарды: 38ден 95 шайлоо округундары 17ден 88 округга чейин, анын ичинен - 1 шаардык, 16 - айылдык кеңештер. Демек, депутаттык мандаттардын саны азайып, азыр 377 (2021-жылы 628) болуп, анын 147си аялдардын квотасына берилди. .

Ар бир район шайлоого даярдык көрүү боюнча өзүнүн штабын түзгѳн. Жалпысынан шайлоо участкалары шайлоого даяр. Жыйындын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына облустук штабдын тапшырмасына ылайык шайлоого даярдыктарды аяктоо тапшырмасы берилди.

Ошентип, бардык шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун (облуста алардын 117си бар), анын ичинде жылуулук, үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш, интернет менен камсыз болушун текшерүү зарыл. Бул жагдайлар шайлоого карата КР БШК т арабынан бардык шайлоо участкалары жаңыланган көп функционалдуу аппараттар жана видеобайкоо камералары менен жабдылганына байланыштуу маанилүү. Өз кезегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык шайлоо жабдууларын тейлөөгө жооптуу болгон техникалык колдоо топторуна техникалык колдоо кѳрсѳтүүнү камсыз кылууга тийиш. Облус боюнча мындай 35 топ түзүлгѳн.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы боюнча облус боюнча карта түзүлүп, ага ылайык 698 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочунун муктаждыктары аныкталган: 110 шайлоо участкасы пандустар, стенддер менен жабдылган, бардык жерде чоң тамгалар жана/же Брайль шрифти менен шайлоо жөнүндө маалымат орнотулган, жарык жетиштүү.

Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга жана даттанууларга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ (ЫЧКТ) иштейт. Бүгүнкү күндө 5 кайрылуу түшүп, бардыгы мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн компетенттүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Аралыктан добуш берүү үчүн Талас шаарындагы Ч.Айтматов кѳч,, 353, А. Токтогулов атындагы областтык китепканада шайлоо учаскасы жайгашкан. Облус боюнча аралыктан добуш берүүгө 349 адам арыз беришсе, алардын 247си - “Жерүй Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери, 24 адам - аскер кызматкерлери, калгандары - студенттер.

Талас облусунда жалпы шайлоочулардын саны 178157 адамды түзөт.