Кыргызстандын өкүлдөрү Молдовадагы президенттик шайлоого жана республикалык конституциялык референдумга мониторинге катышууда
20 октября 2024
КР БШК мүчөлөрү А.К. Жумалиева жана А.Н. Кубатбеков Молдовада бүгүн - 2024-жылдын 20-октябрында өтүп жаткан Президенттик шайлоого жана Молдованын Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча республикалык конституциялыкреферендумга байкоо жүргүзүүдө.
Шайлоонун алдында эл аралык байкоочулар үчүн брифинг болуп, анда Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Анжелика Караман шайлоого жана референдумга даярдыктын жүрүшү, Президентти шайлоонун тартиби, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жѳнүндѳ маалымат берди.
Шайлоону жана республикалык референдумду уюштурууну жана өткөрүүнү 2221 шайлоо комиссиясы ишке ашырат, өлкөдөн тышкары
37 өлкөдө 231 шайлоо участогу ачылды, анын үчөө почта аркылуу добуш берүү үчүн арналган.
Негизги шайлоо тизмелерине 2 714 239 шайлоочу киргизилген.
Байкоочулар шайлоо участкаларына барышып, байкоо жүргүзүшөт,
добуш берүү процессине, добуштарды эсептөөгө мониторинг жүргүзүүгө катышат.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын май айында Молдова Республикасынын Парламенти 2024-жылдын 20-октябрна Молдова Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайлоону жана республикалык конституциялык референдумду ѳткѳрүү датасын белгилеген.
Республикалык референдумга: «Сиз Молдова Республикасынын Европа Биримдигине кириши үчүн Конституцияны өзгөртүүнү колодойсузбу?” деген суроо коюлган.
Шайлоого укугу бар, 40 жашка толгон, Молдова Республикасынын аймагында кеминде 10 жыл жашаган же туруктуу жашаган жана румын тилинде эркин сүйлөй алган жаран Молдова Республикасынын Президенти болуп шайлана алат. Молдова Республикасынын Президентинин мандаты 4 жылга созулат жана ант берген күндөн тартып башталат.








