Чүй облусунун укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарынын маселелери боюнча тренинг ѳткѳрүлдү

19 октября 2024

2024-жылдын 18-октябрында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн “2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна чара көрүүдөгү укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрүлдү. Иш-чара КР Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жана прокуратурасынын кызматкерлери үчүн уюштурулду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаров шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү жана шайлоо мезгилинде түзүлгөн Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иши жөнүндө баяндама жасады.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү мыйзам бузуулар, анын ичинде добуштарды сатып алуу (М. Ажыгулов) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин, арыздарды каттоо жана кароо тартибин, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары (С. Океев – КР БШК жана С. Макилов -ИИМ) менен өз ара аракеттенүү алгоритмдерин баса белгилешти.

Башкы прокуратуранын өкүлү Т.Атабаев мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо боюнча маалымат берди.

Тренингдин катышуучулары шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган практикалык маселелерди жана иштерди активдүү талкуулашты. Окууга жалпысынан Чүй облусунун укук коргоо органдарынын 50 кызматкери катышты.

Укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин талкуулоодо шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана анын коопсуздугун камсыз кылууга катышкан ар бир адамдын аракеттери бир түрдүү жана мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде так болушу сунушталат.

Буга чейин Баткен, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында ЫЧКТ мүчөлөрү окуудан өтүшкөн.