Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт өнөктүгү башталганы тууралуу Биринчи радиодон билдирди

18 октября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Кыргызстандын бардык аймагындагы шаардык кеңештерге шайлоо боюнча үгүт өнөктүгүнүн башталышына карата Биринчи радионун түз уктуруусуна катышты.

БШКнын маалыматы боюнча, алдыдагы шайлоого 39 партиядан 187 талапкерлердин тизмеси катталып, өлкөнүн бардык 33 шаарында дээрлик 5200 талапкер көрсөтүлгөн. Аялдар талапкерлердин жалпы санынын 36% түзөт, бул гендердик теңчилик боюнча мыйзам талаптарына жооп берет.

Айылдык кеңештерге талапкерлерден документтерди кабыл алуу 17-октябрда аяктады. 5391 орун үчүн 10 452ге жакын талапкер ат салышууда. Учурда маалыматтардын мыйзамдарга ылайык келүүсү текшерилүүдө, ал санариптештирүүнүн аркасында адам факторунун кийлигишүүсүз жүргүзүлүүдө. 28-октябрдан тарта айылдык кеңештерге шайлоо өнөктүгү башталат.

 

Активдүү үгүт кампаниясы

 

Үгүт өнөктүгү ар кандай ыкмаларды колдонуу менен, атап айтканда шайлоочулар менен жолугушуулар, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, телекөрсөтүүдөгү берүүлөр, ошондой эле тышкы жарнак аркылуу жүргүзүлөт. Бардык партиялар өз программаларын жайылтуу жана талапкерлерди тааныштыруу үчүн бул каналдарды активдүү колдонушат. Меморандумга кол коюу маанилүү кадам болду, ага ылайык партиялар моралдык жана этикалык нормаларды сактоого милдеттеништи, бул шайлоо өнөктүгү учурунда таза жана сергек атаандаштыкты шарттары бышык.

 

Мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого катышуунун жаңы шарттары

 

Мыйзамдарда шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү же убактылуу токтотушу мүмкүн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин категориялары так бөлүнгөн. Тактап айтканда, бул шайлоо өнөктүгү учурунда кызматтык милдеттерин токтоткон билим берүү жана медициналык мекемелердин жетекчилерине тиешелүү. Алардын шайлоого катышуусу өзгөчө жагымдуу жагдай, анткени алар жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойногон айылдык интеллигенциянын өкүлдөрү.

 

Бузуулар боюнча чаралар

Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн БШК укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн таасирдүү системасын ишке киргизди. Шайлоочуларды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча билдирүүлөр тиешелүү органдарга - ички иштер органдарына жана прокуратурага тез арада берилет. Шайлоо комиссияларына айып салуу менен гана чектелбестен, мыйзам бузуулар аныкталган учурда конституциялык жана юридикалык жоопкерчилик чараларын колдонууга, анын ичинде эскертүүлөрдү берүүгө жана талапкерлерди каттоону жокко чыгарууга укуктары берилген.

 

Каржылоо жана жабдууларды жаңыртуу

 

2024-жылдын 17-ноябрында шайлоону ѳткѳрүү үчүн 495 миллион сом бөлүнүп, бир шайлоочуга орточо чыгым 120 сомду түздү. Мамлекет жарандардын ѳз эркин ээн-эркин билдирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп, шайлоону демократиялык стандарттарга толук шайкеш келтирүү боюнча олуттуу кадамдарды жасады. Каржылоо чыгашалардын бардык негизги беренелерине багытталган. Мындан тышкары, ушул жылы шайлоо жабдуулары, анын ичинде учурдагы эл аралык талаптарга жооп берген заманбап идентификациялык системалар толугу менен жаңыланат.

 

Аралыктан добуш берүү: жеткиликтүү жана коопсуз

 

Шайлоонун алдында шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатуу үчүн жаңы технологиялар киргизилүүдө. Чет өлкөдө жашаган жарандар үчүн 2023-жылы ийгиликтүү сыноодон өткөн аралыктан добуш берүү оң баа алды. Быйыл ал жергиликтүү шайлоолорго да жеткиликтүү болуп, шайлоочулардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Аралыктагы шайлоо участкалары видеокамералар менен жабдылып, алар реалдуу убакыт режиминде добуш берүү процессин онлайн көрсөтүүнү камсыз кылып, шайлоонун айкындуулугун жана ишенимин арттырат.

 

Жаштар - шайлоо процессинин келечеги

 

Шайлоочулардын дээрлик 45% түзгөн жаштарга өзгөчө көңүл бурулууда. Жаштар шайлоонун жыйынтыгына чоң таасирин тийгизгендиктен, биз алардын шайлоо процессине катышуусун арттыруу боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Жаш шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ЖОЖдордо студенттер менен жолугушуулар, жаштар кыймылдары менен биргеликте уюштурулган маалыматтык ѳнѳктүктѳр өткөрүлүүдө.

 

Активдүү катышууга чакырабыз

Биз бардык жарандарды, өзгөчө жаштарды алдыдагы шайлоодо активдүү жарандык позицияны карманууга чакырабыз. Сиздин катышууңуз шайлоо процессинин ачыктыгын жана камсыз кылууга жана коомдун кызыкчылыктарын натыйжалуу коргой алган татыктуу өкүлдөрдү шайлоого жардам берет.

 

Түз эфирдин кайталоосун ушул жерден көрө аласыз